Баткен облустук акимчилигинин маалыматына караганда, жолугушуу эмки жуманын башында болот. Анда чек ара жана жол маселелери талкууланып, Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү Ош-Исфана жолунун 275 метр бөлүгү боюнча маселе да каралат. Өткөн жылдын ноябрь айында да ушундай жолугушуу Баткен шаарында өтүп, талаш жолдор жөнүндө маселе каралып, жыйынтык болгон эмес. (JsA)