Бул тууралуу СДПК партиясынын лидери Алмаз Атамбаев “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин айрым маалымат каражаттарында жарык көргөн “А.Атамбаев кийинки президенттик шайлоого ат салышат” деген маалыматтарды саясатчы четке каккан да , ырастаган да жок. Ал быйыл күздө же кийинки жылы өтүшү күтүлүп жаткан президенттик шайлоого СДПК катышар-катышпасы партиянын март айынын этегинде өтчү кезектеги курултайында ачыкталаарын кошумчалады.(EK)