Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

“Ала-Тоо ынтымагы” коому түзүлдү


Ал региондор менен уруулардын коомдорунун башын кошуу, президент түзгөн Коомдук ордо кенешке теңата иштеп, оппозицияга да, бийликке да акыл кошуу максаты менен түзүлдү. Бишкекте өткөн уюштуруу жыйынына жети облустан элге белгилүү 150дөн ашык адам катышты. Жыйын соңунда элди биримдикке чакырып, коомдогу көйгөйлүү ири маселелерди аныктап, бийлик менен сүйлөшүү, ага басым жасоо милдетин алдыга койду. Мындай милдетти аткаруу үчүн 56 адамдан турган Даанышмандар кеңеши жана аткаруу комитети түзүлүп, тутумуна ар бир облустан коомдо баркы бар үчтөн, жаштардан бештен адам тандалды. Жалпы ишти жалпы чогулуш координациялап турмак болду жана анын төрагалыгына Амангелди Муралиев, ар бир облуста бирден координатор шайланды. Алар жылына бир жолу, аткаруу комитети айына бир жолу чогулуп иштемей болду. Мындай коомду түзүүгө бийликти эл жана оппозиция менен эсептештирүү зарылдыгы жана элдин бийликке да, оппозицияга да ишенбей калганы түрткү болду. Мындай маалымат экс-спикер Мукар Чолпонбаевден алынды.(BD)

XS
SM
MD
LG