Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

“Де-фактонун" алгачкы саны эки жыл мурда ушул күнү жарыкка чыккан


Салык системасындагы коррупция тууралуу макала жарыялангандан кийин Бишкек прокуратурасы Кылмыш кодексинин 329-беренеси боюнча “Де-фактого” айып таккан. Аталган гезитти сот үч чиновникке 3 млн. сом, Жаныш Бакиевдин уулуна 1 млн. сом төлөөгө милдеттендирген. Бул берене боюнча Чолпон Орозобекова эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал болчу. Учурда Чолпон Орозобекова үй-бүлөөсү менен Европа өлкөлөрүнүн биринде башпааналашууда. Венадагы Эл аралык басма сөз институту, Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо уюму, Хьюман Райтс Уоч өңдүү дүйнөлүк уюмдар жылдык баяндамасында “Де-факто” гезитинин тегерегиндеги окуяны сөз эркиндигин кысып, куугунтуктоо катары белгилешкен эле. (ES)

XS
SM
MD
LG