Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:52

Арменияда оппозициянын миңдеген тарапкерлери нааразылык чарасына чыгышты


Ушул сааттарда 10 миңге чукул адам Еревандын борборуна чогулуп, бир жыл мурдагы оппозициялык демонстрациянын күч менен таркатылган окуяны эскеришип, бийликтин саясатына нааразылыгын билдирүүдө. Оппозиция лидери, мурдагы президент Левон Тер-Петросян чогулгандардын алдында чыгып сүйлөөрү күтүлүүдө. Өткөн жылы 1-мартта дээрлик он бир күнгө созулган оппозициянын демонстрациясын күч менен таратуу маалында кагылышуу болуп, он адам, анын ичинде эки полициячы набыт болгон. Былтыркы ушул күнкү жыйын маалында армян оппозициясы саал мурдараак (2008-жылдын февралында) өткөн президенттик шайлоодо Серж Саркисян мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу аркылуу жеңип чыкканына наарылык билдиришкен жана шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Азыркыга чейин айрым саясий камактагылар армян абагынан чыгарыла элек.

XS
SM
MD
LG