Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Орусияда бүгүн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыктары чыгат


Жекшемби күнү Орусиянын 70тен ашуун чөлкөмүндө 3000дей шайлоо өттү. Бул жолку добуш берүү экономикалык кризиске туш келгендиктен премьер- министр Владимир Путиндин "Бирдиктүү Орусия" партиясы үчүн алгачкы сыноо катары каралууда. Орус маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, партия үчүн шайлоо жыйынтыгы Владимир облусунда, Ямал-Ненец автоном округунда мурдагыдан начар болуусу мүмкүн.
Путин өткөн аптада экономикалык кризис алгач күтүлгөндөгүдөн узакка созулуусу ыктымал экендигин, Орусия үчүн "оор" учурлар алдыда турганын айткан.

XS
SM
MD
LG