Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Египетте бүгүн донорлордун Газа боюнча жыйыны өтөт


Шарм – эль –Шейх шаарында өтүүчү жыйынга катышуу үчүн АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Египетке кечээ келди. Ал Вашингтон Палестин автономиясына жардам көргөзүү үчүн жалпысынан 900 миллион доллар, мунун ичинен Газа секторун кайра курууга 300 миллион доллар ажыратарын убада кылары күтүлүүдө.
Израилдин 22 күнгө созулган операциясы учурунда Газада 1300дөн ашуун адам өлүп, турак үйлөр, мектептер, ооруканалар жана башка инфраструктура талкаланган. Палестин өкмөтүнүн планы боюнча Газаны кайра курууга 2,8 миллиард доллар талап кылынат.
Газа секторун башкарган Хамас тобу АКШ менен Еврошаркетте террорчул топ катары эсептелинет жана бүгүнкү конференцияга чакырылган жок.

XS
SM
MD
LG