Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

ЖК комитети “Манас” аба базасы боюнча он бир өлкө менен түзүлгөн келишимди бузуу маселесин карайт


Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитети бул маселени кароого шейшемби күнү, 3-мартта киришет. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Австралия, Дания, Испания, Италия, Түштүк Корея, Нидерланды, Норвегия, Жаңы Зеландия, Польша, Түркия жана Франция мамлекеттери менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда антитеррордук күчтөрдүн аскердик “Манас” аба базасы боюнча түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору ТИМ тарабынан сунушталууда. Буга чейин, 19-февралда ЖК “Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча АКШ өкмөтү менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарып берген. Аталган мыйзам долбооруна президент К. Бакиев 20-февралда кол коюп, ошол эле күнү ТИМ тарабынан АКШнын Кыргызстандагы элчилигине тапшырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG