1-мартта саат 23тө Аламүдүн районундагы Ылдыйкы Ала-Арча айылындагы “ SOS киндердорф интернешнл” эл аралык кайрымдуулук коруна тиешелүү балдар үйүндө өрт чыгып, 75 чарчы метри күйүп кеткен. Анда тарбияланып жаткан 16-17 жаштагы 16 өспүрүм башка жакка көчүрүлдү. Алдын ала алынган маалыматка караганда, өрттөн жабырлангандар жок. Кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. (AJ)