Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Алайда кар көчкүдө калган эки адамды издөө иштери токтотулду


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Абдысамат Паязов “Азаттыкка” билдирди. Эскерте кетүүчү жагдай, 24-февралдын кечинде Алай районундагы Бүлөлү айыл өкмөтүнө караштуу Узун-Төр аймагында бийиктиги 15 метрлик кар көчкү жүрүп, ошол учурда аймакта мал жайып жүргөн Маманов Будин жана Арзиев Мухтар аттуу эки чабан дарексиз болушкан. Бул эки адамды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 32 кишиден турган оперативдүү тобу жана жардамга келишкен 500гө чукул жергиликтүү эл өткөн шейшембиден бери издөөгө алган.(AJ)

XS
SM
MD
LG