Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:39

Б. Бешимов: Элдин бийликке нааразылыгы күчөөдө

СДПнын мүчөлөрү менен жолугушкан Ош шаарынын тургундары бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына, элдин үмүтү аткарылбаганына, Курманбек Бакиевдин 2005-жылдагы мартта айткан убадаларын турмушка ашырбаганына кыжаалат болушуп, нааразылыгын билдиришүүдө, дейт Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов. Анын айтымында, караламан калк өлкөдө коррупциянын гүлдөп өсүшүнө, социалдык жактан корголбогондугуна, эмгек миграциясына, кадр саясатына, коопсуздук маселесине тынчсызданышууда. Ал ошондой эле элдин калың катмары күндөн-күнгө жакырланып баратканын Ош, Жалал-Абаттагы ушул сапарында айрыкча сезилгенин кошумчалады. (AJ)
XS
SM
MD
LG