Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

М. Ниязов: Кыргызстан жаңы саясий күчтөргө суусап турат


Ишембиде абройлуу деген коомдук ишмерлер өлкө коомчулугун башын бириктирүү максатында “Ала-Тоо ынтымагы” деген коом түзүштү. БЭК болсо ушул айда ири нааразылык акцияларына даярданып жатат. Өлкөдөгү соңку коомдук-саясий абал боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов жооп берди.

- Мирослав мырза, ушундай коом, кыймылдардын түзүлүшү Кыргызстандын келечеги үчүн жаңыланууга алып барууну шарттайбы, же элдин бүйүрүн кызытып, бийликке элдин нааразылыгын күчөтүшү мүмкүнбү?

- Президенттик шайлоо жакындап келатат. Бирок түшүнүксүз акыбалга келип калдык. Бир жагынан бийликке дагы ишеним жок болуп атат, экинчи жагынан оппозициялык күчтөргө да толугу менен ишеним болбой жатат. Эки жээктин ортосунда эл калды, кайсы жээкке бараарын билбей. Менин оюмча, эл катуу ойго келе турган учур келип калды. Шайлоо жакындаган сайын жаңы күчтөр чыга берет, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жаңы таза күчтөр аракет кылбаса, анда жаман күчтөр, аброю жок бийлик такай жеңип чыгат. Биз бүгүн жөнөкөй эле бийликти алмаштыруу жолуна түшсөк, анда үчүнчү жолу адашып калышыбыз мүмкүн. Биздин эң негизги максат - бийликти алмаштыруу эмес, бизге жаңы саясий күчтөр керек болуп жатат кайра жаралуу, Кыргызстанды калыбына келтирүү идеялары менен. Ушундай идеяларды чыгарган саясий күчтөр бар бекен. Биз буга катуу суусап жатабыз. Кыргызстан келечегин ачып кете турган, экономиканы көтөрө турган жолун так билген мамлекеттик ишмерлер керек. Кайдыгер болуп отурбашыбыз керек. Шайлоо эмес, жаңы күчтөрдү тандоо керек. Тереңирээк ой жүгүртсөк Кыргызстан бүгүн толугу менен көз каранды мамлекет болуп калды. Экономикалык акыбалыбыз алдыга жылбай артка кетип жатат.

- Сиз айтып атасыз, президенттик шайлоо алдында, же болбосо ири саясий окуялардын алдында ар кандай күчтөр көбөйөт деп. Коомдук Ордо Кеңештин мүчөлөрү менен жолугушканда, президент кеңешти бийликтин кемчиликтерин ачык айтып, теске салган кеңеш болууга чакырды. “Ала-Тоо ынтымагы” коому деле бийлик элдин, оппозициянын үнүн угуусун мажбур кылабыз деп түзүлдү. Мына ушул саясаты бир, бирок багыты эки башка кыймыл, коомдордун аракети карапайым элге кандай таасир бериши мүмкүн. Алардын мамлекет үчүн эриш-аркак иштеши мүмкүнбү ушундай ири саясий окулардын алдында?

- Бул бийликтин башында отурган адамдар дүлөй деле болуп калды, элдин үнүн укпаса, ортого көпүрөлөрдү салып, жаңы уюмдарды уюштурса, бул саясаттын оюндары, президенттик шайлоо жакындаган сайын оюнга өтүп кетип атышат. Бирок негизи проблемабыз бизде экономикалык акыбал, мына электр кубаты жок болуп атат, көмүрдүн үстүндө басып жүрүп көмүрдү Казакстандан алып келебиз, суунун башында турабыз, суу фермерлерге жетпей, күзүндө айлабыз жок буудай, жемиштерди ылдыйкы, биз суу берген мамлекеттерден ташып келип атабыз. Бул кандай саясат болуп атат? Кыргызстанда мамлекеттик курулушту биз эгемендикти алгандан бери баштай элекпиз. Биз саясий романтика менен жүрүп атабыз.

- Мирослав мырза, Бириккен элдик кыймыл ушул айда жалпы өлкө боюнча ири акцияларга барганы жатат. Анда социалдык маселелер, пенсия, айлык, кадр саясаты башкы ураан болот деп жатат. Оппозициянын ушундай талабы бийлик саясатын өзгөртүүгө мажбурлдай алабы?

- Тилекке каршы, эч нерсе кыла албайт. Бул бийликтин эл үчүн жакшы иштерди жасайбыз деген аракеттери, ою бар болсо керек. Бирок колунан келбеген бийликке учурап калбадыкпы. Ошон үчүн бүгүнкү оппозициянын ичинен кандай гана аракет болбосун, тилекке каршы бийлигибиз жакшы, туура иштегенди билбеген себептен улам эч кандай жакшылыкты күтүүгө мүмкүнүлүк жок.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG