Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин экс-министри Бекмурза Исмаилов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, инсулинге делген шприцтердин ордуна жөнөкөй шпирцтердин сатылып алынышына өткөрүлгөн тендердин артында чоң коррупция бар. Исмаилов кант илдети менен ооруган адам жөнөкөй шприц аркылуу өлчөмүнөн ашыгырак дары куюнса миокарда инфаргын кармап, көрүүсү начарлап кетерин айтты. Бишкектин эндикринологиялык диспансеринин башкы дарыгери Светлана Мамутова дагы инсулинге шприцтерди сатып алууда тендер мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөндүгүн кошумчалады. Бул маселе боюнча тендердик комиссиянын төрагасы, Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев болсо бардыгы мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. “Шприц чатагы” боюнча Башкы прокуратура үч кылмыш ишин козгогон. (AJ)