Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Венада Ирандын өзөктүк программасы талкууланат


Бириккен Улуттар уюмунун Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттигинин мүчөлөрү Ирандын талаштуу өзөктүк программасын жана Сирияда жашыруун өзөктүк жай бардыгы тууралуу маалыматты талкуулоо үчүн бүгүн Венада чогулду. Беш күнгө созула турган бул жыйында Иран жана Сирия боюнча эч кандай чечим кабыл алынбастыгы азыртадан маалымдалууда. Жакында эле Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин отчету чыккан жана анда расмий Тегеран уранды байытуу иштерин ыкчамдаткандыгы айтылган. Венадагы жыйында 35 өлкөнүн өкүлдөрү ноябрда МАГАТЭнин директору кызматтык мөөнөтү аяктап жаткан Мухаммад эл-Барадейинин ордуна жаңы жетекчи тандоо тууралуу да талкуулашат.

XS
SM
MD
LG