Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

3-Март: Тарых барактары


Кыргызстандын мамлекеттик желеги 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган.
Кыргызстандын мамлекеттик желеги 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Желеги 1992-жылдын 3-март күнү кабыл алынган. Бүгүн Жазуучулардын эларалык күнү. Түркстан губерниясынын биринчи генерал-губернатору Константин Петрович Кауфман 1818-жылдын 3-мартында жарык дүйнөгө келген. Телефон аппаратын ойлоп тапкан атактуу америкалык физик Александр Грейам Белл 1847-жылдын 3-мартында жарык дүйнөгө келген.

Россия империясындагы падышалык бийлик кулатылгандыгы туурасында телеграмма Пишпек шаарына 1917-жылдын 3-март күнү урулган.

Кыргыз коомучулугу 1934-жылдын бул күндөрү Фрунзе-Рыбачье-Нарын-Торугарт-Ошту бириктире турган улуу кыргыз жолунун курулушу туурасында кабардар болгон. Кыргыз областтык ВКП (б) менен Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңеши биргелешип өлкө аймактарын бириктире турган жолдун курулушун 1935-жылга бүткөрүлөт деп убада берген. Бирок жол курулушу адегенде пландаштырылган маршрут боюнча аткарылбай, Ош аймагына кеткен жол Фрунзе-Кара - Балта-Суусамыр аркылуу салынган.

Фрунзе шаарындагы аскер кызматкерлеринин үй бүлөөлөрүнө жардам берүүнүн он күндүгү 1944-жылдын 3-мартында соңуна чыккан. Согуш маалындагы оор абалга карабастан шаардыктар жардам үчүн 260 миң накталай акча, 1645 жуп ич кийим, 2500 жуп байпак, 523 жуп бут кийим жана арбын тамак-аштарын аскер кызматкерлеринин үй бүлөөлөрү менен бөлүшүшкөн. Мындан тышкары, шаардык жумушчулар аскер кызматчыларынын балдары үчүн бир эмгек күндү бекер иштеп берүүгө убадасын беришкен.

Борбор шаардын искусство күйөрмандары 1944-жылдын бул күндөрү Крупская атындагы орус драма театрында коюлган «Мылтыкчан адам» аттуу пьесанын бетачаарына ортоктош болушкан. Пьеса Н. Погодиндин чыгармасы боюнча коюлуп, революциялык реализмди жаратууда артисттерден чыгармачыл эле эмес, «саясий чеберчилик» да талап кылынган.

Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысынын ролун аткаруу республиканын эмгек сиңирген артистти С. Дигамга жүктөлүп, кадимки Сталинди чагылдыруу милдетин республиканын эмгек сиңирген артистти А. Балаев алган. Партиялык жана театр сынчыларынын пикирине караганда эки искусство чебери тең оор милдетти татыктуу аткарып, жалындуу революционерлердин образын көрүүчүлөргө жеткире алышкан.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын XIV съезди 1966-жылдын 3-мартында, ал эми республикалык компартиянын XV съезди 1971-жылдын бул күнү ишин баштаган.

Кыргызстан ЛКСМинин XI съезди 1958-жылдын 3-мартында өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Желеги 1992-жылдын 3-март күнү кабыл алынган. Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик Желеги жөнүндөгү жоболор Жогорку Кеңештин Токтомуна ылайык аныкталган. Мамлекеттик Желек кызыл түстөгү төрт чарчы шекилинде белгиленип, анын ортосуна түндүк коюлуп, анын тегерегине алтын түстөгү күндүн кырк нуру түшүрүлгөн.
Бүгүн Жазуучулардын эларалык күнү. Жазуучулардын күнүн белгилөө 1986-жылдын 12-18-январь күндөрү өткөн Дүйнөлүк Пен –клубдун 48-Конгрессинде аныкталган.

Америка Кошмо Штаттарынын Бостон шаарында 1639-жылдын 3-март күнү ачылган колледж окуу жайга спонсорлук жасаган Джон Гарварддын урматына анын ысмын алган.

Жыйырма үч жаштагы офицер Наполеон Боннапрат 1793-жылдын 3-мартында Корсика өкмөтү менен байланышын үзгөн.
Америка Кошмо Штаттарынын губернатордук кызматка шайланган биринчи еврей Дэвид Эмануэль болгон. Дэвид Эмануэль1801-жылдын 3-март күнү Джорджия губернатордугуна шайлланган.

Атактуу композитор Бетховендин «Ай сонатасы» 1802-жылдын 3-мартында Вене шаарында жарыяланган.

Америка Кошмо Штаттары 1837-жылдын 3-март күнү Техас Республикасынын эгемендигин тааныса, 1845-жылдын булл күнү Флорида 27-шатат болуп АКШнын курамына кирген.

Александр II 1855-жылдын 3-март күнү Россиянын тагына отурган. Александр II 1861-жылдын 19-февралындагы реформа аркылуу 20 миллион дыйканды крепостнойлук укуктан куткарып, калк арасында «Куткаруучу» атыккан. Өмүрүнүн акырында ал Россия империясынын коомдук-экономикалык өнүгүшүнө бурулуш жасай турган реформаларды жасоого белсенген. Бирок революционер-терроситтердин кол салуусу монархтын өмүрүн кыйып, ал эми падыша даярдаган реформалар кандуу каргашалар капшабында калган.
Колорада дарыясына көчүрүлгөн индеецтер үчүн 1865-жылдын 3-март күнү атайын резервация ачылган.

Канадалык физиолог Фредерик Грант Бантинг баштаган изилдөөчүлөр тобу 1921-жылдын 3-март күнү инсулин гормонун ачышкан. Нечендеген адамдардын ден соолугуна даба болгон даары 1923-жылы Нобнль сыйлыгына арзыган.

Гитлер 1933-жылдын 3-мартында Потсдам шаарында Үчүнчү Рейхтин курулгандыгы туурасында жар салган.

Сталиндин оорусун коомчулуктан жашыра албай калган Совет өкмөтү 1953-жылдын 3-март күнү «…Жолдош Сталин эс-учун жоготту», деген билдирүү тараткан.

Атактуу МИГ-25 аскер самолетунун биринчи учушу 1964-жылдын 3-мартында жасалган.

Прибалтика республикалары 1991-жылдын 3-мартында Советтер Союзунун курамынан чыгуу маселесине арналган референдум өткөрүшкөн. Латвиянын 74%, Эстнониянын 83% шайлоочулары эгемендик үчүн добуш беришкен.

Югославия мамлекети тарагандан кийин Босния менен Герцеговина ортосундагы кандуу согуш 1992-жылдын 3-мартында башталган.
Түркстан губерниясынын биринчи генерал-губернатору Константин Петрович Кауфман 1818-жылдын 3-мартында жарык дүйнөгө келген. Константин Петровичтин жетекчилиги менен Самарканд, Бухара, Хива жана Коконд хандыктары Россия империясына каратылган.

Америкалык ойлоп тапкыч жана атактуу поезд вагондорун чыгарган Джордж Мортимер Пуллман 1831-жылдын 3-мартында туулган. Д. Пуллман XIX кылымдын 60-ж. орто ченинде «Пионер» атту вагон салондорду ойлоп тапкан. Андан беш жыл өтбөй ал пассажирлерди ташууда жана аларды тейлөө тармагында революциялык өзгөрүш жараткан вагон-ресторандарды чыгарган.

Телефон аппаратын ойлоп тапкан атактуу америкалык физик Александр Грейам Белл 1847-жылдын 3-мартында жарык дүйнөгө келген. А. Г. Беллдин киндик канны Шотландиянын Эдинбург шаарына тамган. Кийин ал Америкага жер которуп, темир мембраналуу телефон аппаратын чыгарган.

Ойлоп табуучу 1865-жылы сөздү электр толкуну аркылуу аралыкка жеткире турган идея менен алпуруша баштаган. Учкул ойду жүзөгө ашырууга он жыл сарпталып, акыры 1875-жылдын июнь айындагы аптапта билдирүү зым аркылуу ийгиликтүү аралыкка берилген. Александр Грейам Белл 1877-жылы Bell Telephone Company фирмасын негиздеген.

Атактуу израилдик мамлекеттик, коомдук ишмери жана XX кылымдын айтылуу айымдарынын бири- Голда Мейер 1898-жылдын 3-март күнү туулган.
XS
SM
MD
LG