Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Батыш басма сөз каражаттары Вашингтон менен Кремлдин мамилеси тууралуу


Казакстандын “Нурлу Көш” долбоору иштеп жатат. Өзбекстан АКШнын Борбор Азиядагы жаңы “Трой аты” болобу? Батыштык басма сөз каражаттарынын айрымдары мына ушул темаларга көңүл бурушту.

“Казакстанда өкүм сүрүп жаткан экономикалык кризиске карабастан, расмий Астана чет өлкөлөрдө жашаган казак атуулдарын каржылык шыкак менен өлкөгө тартууну көздөгөн дымактуу планынан баш тарткан жок” деп жазат баяндамачы Иоанна Лиллис Eurasia View интернет баракчасында жарыяланган макалада.

Кийинки айлардын ичинде Казакстандын бюджети бир катар чектөөлөргө учурап келатканын эске салган автор, “ошого карабастан өкмөт дээрлик чет өлкөлөрдө жашаган 3,5-4,5 миллиондун тегерегинде деп болжолдонгон казактарды тарыхый мекендерине кайтаруу максатын көздөгөн “Нурлу Көш” аттуу долбоордун ишин улантып жатканын белгилейт.

Eurasia View интернет баракчасында жарыяланган дагы бир макалада болсо, Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелерге сереп салынган. Өзбекстандын вице-премьери Рустам Азимовдун өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына катышуу максатында Тажикстанга боло турган сапарынын тушунда, бул Борбор Азиядагы эки өлкөнүн солгундап кеткен мамилелеринин жакшыруусу тууралуу үмүт пайда болгону белгиленип, Дүйшөмбү менен Ташкендин өз ара толгон токой келишпестиктерин жойо алуулары Ооганстанда талиптерге каршы жүрүп жаткан күрөшкө чоң таасир алып келери белгиленет.

Президент Ислам Каримовдун саясатындагы бул чукул өзгөрүштүн түпкүрүндө жаткан чыныгы себеп бүдөмүк бойдон кала бергени эске салынып, анда ошондой эле геосаясий шарттардагы ылдам өзгөрүштөргө, анын ичинде Бишкектеги америкалык аба баазанын жабылуусуна ишара кылынат. Өзбекстан жакында эле АКШга куралдан сырткары тейлөө заттарын Өзбекстандын аймагы аркылуу Ооганстанга ташууга уруксат бергени белгилүү.

International Herald Tribune гезитинин өткөн жумадагы сандарынын биринде жарык көргөн макалада, баш кеңсеси АКШда жайгашкан “Мурас фондунун” изилдөө кызматчысы Ариел Кохен Борбор Азия жана Кавказда таасирге ээ болуу боюнча АКШ менен Орусиянын ортосунда жүрүп жаткан таймашка сереп салып, Вашингтонду таасир зонасын улам кеңейтип жаткан Кремлге туруштук берүүгө үндөйт.

Рублдин долларга карата наркын 50 пайызга жоготконуна карабастан Кремл Евразиядагы таасир этчү аймагын кеңейтүү планынан кымындай артка чегинбегенин белгилеген автор, “Манас” аба баазасынын жабылышы тууралуу Курманбек Бакиев кол койгон жардык Вашингтонду терең уйкусунан ойготкон коңгуроо болушу керек экенин, Обаманын администрациясы “Манас” аба базасынын ордун толукташ үчүн өзгөчөТүркмөнстандан, Өзбекстан жана Тажикстандан жаңыча алтернативаларды издеп, Орусиянын Евразия, өзгөчө Кавказда жетишкен утуштарына туруштук берүүсү абзел болуп турганын баяндайт.
XS
SM
MD
LG