Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

“Манас” аба базасы боюнча дагы бир келишимди бузуу маселеси эки фракцияда качан каралары белгисиз


ЖК маалымат кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай “Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча он бир мамлекет менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бузуу маселесин буга чейин парламенттин Коммунисттер фракциясы карап, келишимди денонсациялоого макулдугун берген. Ал эми “Ак жол” фракциясы менен Социал-демократтар фракциясы бул маселеге качан кайрылары азырынча белгисиз. Бүгүн болсо бул маселе ЖКтин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитетинде каралат.
Белгилүү болгондой антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасы боюнча АКШ өкмөтү менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылып, кыргыз өкмөтүнүн бул тууралуу нотасы 20-февраль күнү Американын Кыргызстандагы элчилигине тапшырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG