“Күнүгө телевизордон “дүжүр чиновниктер”, “дүжүр” депутаттар: “биздин улуу урматтуу президентибиз К. Бакиев эгемендүүлүккө жеткен 18 жылдан бери 1-жолу бекер эң чоң инвестиция алып келди” деп жер дүңгүрөтүп жатышат. Мындай бир ой келет. Эмне үчүн Камбар-Ата ГЭСин курууга 1 млрд. 700 млн. долларга келишим түзүлдү? Келишим боюнча ГЭС курулуп бүткөндөн кийин түшкөн кирешенин 50 пайызын Кыргызстан, 50 пайызын орус мамлекети алат экен. Демек, Орусия 50 жылда 17 млрд. доллар алса, 100 жылда 170 млрд. доллар алат дегендик. Кыргызстандын патриоттору болгондо “Камбар-Ата 1 ГЭСинен түшкөн кирешенин жок эле дегенде 70 пайызын кыргыз мамлекети, 30 пайызын орус мамлекети алсын, болбосо 49 жылга келишим түзөбүз” деп айтмак. “Дүжүрлөрдүн балдары, жээндери бийликте иштеп турганда ушундай зыяндуу келишимдер түзүлө берет. Балким Орусиянын 50 пайыздык кирешесинде булардын да үлүшү болуш керек. Демек бул келишимге сүйүнбөй эле күйүнүш керек” деп айтты бүгүнкү “Ачык саясат” гезити аркылуу Жайыл районундагы Кожомкул айыл тургуну Шабдан Жумалиев.
Гезит башка бир макаласынын атын “Бакиев – База = Баксы” деп атады. АКШнын авибазасын чыгаруудагы Орусия таасири, ички-тышкы саясат, Кремлдин кысымы тууралуу сөз кылган макаласында Рыскелди Момбеков: “Жаздан коркуп турган ажобуздун жаңы шайлоого барам дегени, Орусиядан келе турган олчойгон каржылык жардамга ишенгени болуп турат. Орусиянын мамлекеттик Думасы азырынча Кыргызстанга карыз акча берүү жагын карай элек. Бербей койсо эмнге болобуз? Орусия менен Америка өз ара сүйлөшмөйүн карыз ары же бери жылбастыгы белгилүү. Бакиевге бийлигин сактап калуу керек болсо, Америкага Ооганстан керек” деп жазды. Гезит булардан тышкары Жалал-Абат облусунун Акаев убагындагы губернатору Бекболот Талгарбековдун “Убагында Бакиевде ой-пикир бар экенин укпаптырбыз” деген, Бишкек шаар МАИ начальнигинин орунбасары Т. Керимбаевдин “Күнүгө 700-1000ге чейин жол эрежелерин бузуулар катталат” деген интервьюларын жарылады.
“Кыргыз туусу” гезити 1-бетине “Улуу инсан Исках Раззаковдун 100 жылдыгын татыктуу тосуп алалы” деген ат менен Лейлек районундагы И. Раззаков атындагы айыл тургундарынын бийлик төбөлдөрүнө кайрылуусун басып чыкты. Сегиз маселе койгон айыл тургундары улуу инсандын атын алып жүргөн айылда эмдигиче И. Раззаковдун эстелиги тургузула электигин, ал жөнүндө даректүү же көркөм кинотасма тартылышын, айыл жолунун начарлыгын, көпүрө жоктугун, стадион жашылдандырылбай келатканын, И. Раззаков атындагы мектеп заманбап оргтехникалар менен камсыздалышы керектигин айтып президент К. Бакиевге, өкмөт башчысы И. Чудиновго жана Кыргызстандын калкына кайрылган.
Ушул эле гезиттеги: “Башаламандык менен чаржайыттыкка баттык” деген рубрика алдындагы макала “ЖОЖдор оңолуу жана жоголуу жолунда” деп аталат. Автору Ош мамлекеттик университетинин профессору Абдурашит Низамиев “ЖОЖдордун географиялык абалы кандай?” деп суроо коюп, азыр алардын 70 пайызы Бишкекте жайгашканын, кадыр-барктуу, мамлекеттин “жакын” камкордугундагы, ошондой эле эл аралык маанидеги ири университеттер бүт борбор шаарга жайгашканын, мындай маанидеги окуу жайлар Ошто жоктугун сөз кылган. Аягында окумуштуу окутуучу билим министрлиги өткөн жылы келишимдик төлөмдөрдү 15 миң сом кылганы аймактык окуу жайларды “белге тепкенин”, аймактагы элдердин төлөө жөндөмү эске алынбаганын, мындан баягы эле “байкуш” педагогикалык жана инженердик адистиктер жабыр тартып жатканын белгиелеген.
Гезиттен ошону менен бирге эле “Рынок экономикасынын үзүрүнөн үмүт үзүлүүдө” деген экономист А. Үмөталиевдин макаласын, Айтматовго арналган форумдан чогултулган ой-пикирлердин топтомун, айтылуу кара сөз чебери Качкынбай Осмоналиев жөнүндө жазуучу Жумабек Медералиевдин макаласын, профессор Абылабек Асанкановдун “Кытайлык кыргыздарга саякат” жолбаянынын уландысын жана “Айыл Банк” АК төрага орунбасары Азамат Жороевдин интервьюсун окуйсуздар.
“Аалам” гезити “Свежий ушак” аттуу рубрика алдындагы бир байлам кабарында президенттик шайлоо жакындаган сайын кыргыз гезиттери кыймылдай баштаганын, Ө. Текебаевдин гезитин бийлик каттодон өткөрбөй жатканын, Үсөн Сыдыков менен Исмаил Исаковдун “Жаңы кылым” гезити, А. Акаевдин “Айгайы”, Ак үй – Ким - Максимдин- “Агымы”, А. Атамбаевдин “Учуру” жаз ичинде сенсациялуу көп макалаларды жарыялаганы турат деп маалымдады.
“Беш жыл бою жазып, чийки бойдон кабыл алынган Салык кодексин бийлик дүйнөлүк кризиске шылтамыш этип, кайрадан карап түзбөсөк болбойт экен деп туру. Ырас, президент К. Бакиев жаңы кодекстин туула элек жатып элдин нааразычылыгынын алдында көмүлүп кала жаздаганын моюнга алганга аргасыз болду. Бийлик ошентип жарабаган кодексти дагы кайра оңдоп чыгып, элге жасаган жаңы камкордук катары баалап, сунуштай тургану айтпаса да түшүнүктүү. Өкмөт эми андагы – кыймылсыз мүлк салыгын, патентти жана кирешеден түшкөн салык жоболорун кайра карайт” деп баяндады макаланын ээси Жолдошбек Зарлыкбеков.