Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Айнура Кенжебаева: Жаратылыштын жанын кейитпейли


Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Кенжебаева “Азаттыктагы” маегинде парламент депутаттарынын экология жана тазалыкты сактоо чакырыгы тууралуу сөз кылды.

-Жогорку Кеңештин Жер жана агрардык комитети менен жергиликтүү өнүгүү комитети жалпы өлкө элине кайрылуу жолдоп, анда экология менен тазылыкты сактап, март, апрель айларында жашылдандырууну жапа тырмак жүргүзүүгө чакырды. Ага эмне себеп жана чакырык ишке ашат деген үмүт барбы?

- Чындыгында биз эки комитет ушундай чакыруу кабыл алдык. Биздин айлана-чөйрөгө кайдыгер мамиле жасабайлы деп, кыргыз элибиздин чын ден-соолугун ойлоп, жаштарыбыздын келечегин, Кыргызстандын дегеле өнүгүп өсүшүн ойлоп ушул чакыркы биз кабыл алдык. Себеби өзүңүздөргө азыркы мезгилде биздин өз жерибиздеги жаратылыштын кооздугу өзгөчө да. Бирок ошол кооз жаратылышты бузган көрүнүштөр оор акыбалда. Кээ бирде ушунчалык жаның кейийт.

Ошондуктан бул өтө чоң коркунучту туудургандыктан биз ар бир биздин жарандарыбыз өзүнүн үйүн, көчөсүн, шаарын тазалоого, ушул жерди таза сакташка, азыркы кездеги чоң коркунуч туудурган терең бизди ойлондурган тазалык маселесин эки айдын ичинде четке кагып, ар бирибиз ошого салымыбызды кошсок деген мааниде ушул чакырыкты кабыл алдык.

Биз ойлойбуз, эки айдын ичинде өзүбүз ошого мисал болуп, ар бир айыл өкмөттөн, ар бир айыл башчысынан, домкомдор баш болуп министрлерибиз, депутаттарыбыз, жергиликтүү бийлик баардыгыбыз чогуу өзүбүздүн көчөбүздөн баштап жашылдандырсак, мурдагыдай биздин көчө-көчөлөрдөгү өзүбүздүн бульварларыбыз болчу эле, ошолорду өнүктүрсөк дейбиз.


-Азыр Кыргызстанда өзүңүз айткандай, экология, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо маданияты артка кетти, парламент болсо ушул жаатта мыйзамдарды кабыл алууга кайдыгер карап жатат. Саясий маселеге байланыштуу мыйзамдарды көбүрөк кабыл алып жатасыздар. Бул кинемтени оңдоо үчүн жакын арада ушул багытта мыйзам кабыл алууга аракет болобу?


-Биз бул багытта дагы иштеп жатабыз. Жакында сиздерге белгилүү болгон биз өтө чоң экология кодексин кабыл алдык. Эми ошону жер-жерлерде кодекстин иштетишин талап кылып атабыз. Ошого жараша бизде азыр мыйзам долбоору бар, ал тазалыкты бузган жарандарга кандай административдик жоопкерчиликке тартабыз, ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Себеби ар бир жаран өзүбүздөн башташыбыз керек тазалыкты.

- Ушул жааттан алганда бийлик жетекчилеринин да жоопкерчилигин көтөрүү зарыл деген ойлор арбын?

- Бул сөзүңүзгө мен макулмун. Себеби жергиликтүү бийликтен дагы бул өтө чоң талапкерлик талап кылынат. Ошон үчүн жергиликтүү бийликтин жана ар бир жарандардын ушуга болгон кайдыгер мамилесине административдик штрафтарды кабыл алабыз жакында. Ал мыйзам долбоору азыр каралып жатат.

XS
SM
MD
LG