Сентябрда болчу жалпы шайлоодо шайлоочулар калем менен кагаз гана колдоно алышат көрүнөт. Шайлоочулардын өз эркин билдирүү үчүн сөзсүз түрдө компьютер менен иштей билиши зарыл эмес, - деп эсептейт сот. Бюллетендерди каттаган электрондук жабдыктар Германияда 10 жылдан бери колдонуп келатат. Компьютерлердин кандайдыр бир калпыстык кетиргендиги тууралуу буга чейин маалымдалган эмес.