Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

4-март: Тарых барактары


Фрунзе шаарындагы «ТРАМ» аталган биринчи жаштар театры 1928-жылдын 4-мартында салтанат менен ачылган. Кыргыз ССР искусство чеберлеринин биринчи республикалык чогулушу 1948-жылдын 4-мартында соңуна чыккан. Америка Кошмо Штаттарынын биринчи конгресси 1789-жылдын 4-март күнү Нью-Йорк шаарында ишин баштаган.

Фрунзе шаарындагы «ТРАМ» аталган биринчи жаштар театры 1928-жылдын 4-мартында салтанат менен ачылган. Жаңы театрды искусство ишин жанындай сүйгөн-Мыльников, Поселянин, Еленин, Гордый, Осман жана Сумительновдор жетектешкен.

«Социализмдин өнүгүшү таптык күрөштүн курчушуна алып келет» деген сталиндик жободон улам, XX кылымдын 30 жж. тарта Кыргызстандын билим адамдарына каршы куугунтук иши башталган. Айрыкча, партиялык буйрукчул системадан адабият жана маданият тармагында эмгектенген чыгармачыл адамдар запкы көргөн.

Кыргыз обком секретариатында 1932-жылдын 4-март күнү өткөн жыйында кыргыз адабиятында орун алган «өксүктүктөр» талкууланган. Негизги баяндамачы катары сүйлөгөн Жаманкуловдун билдирүүсүнө ылайык кыргыз адабиятында орун алган кемчиликтерди жоюу максатында «Кыргыз адабияты жөнүндө» атайын резолюция кабыл алынган.

Резолюцияда К. Тыныстанов «алаш-ордочул контрревоюциялык, буржуазиячыл-улутчулдук идеяларды» кыргыз адабиятына алып келген; ал эми Көкөнөв, Карачев, Кененсарин ж. б. пролетариатка жана анын авангарды эсептелген коммунисттик партияга каршы бай-манаптык идеологияны таңуулаган чыгармаларды жаратышып, К. Тыныстановдун ырлар жыйнагы мындан ары пайдаланылбасын деген токтом кабыл алынган.

Кыргыз АССРинин Башкы соту 1936-жылдын 4-мартында Каракол кантонунун мурдагы соту Токтогуловдун иши боюнча өкүм чыгарган. Экс-сотко Түштүк Ысык-Көлдөгү айрым сот иштерин бурмалап, калктан пара алат деген айып коюлган. Сот иши 18 күнгө уланып акыры март айынын башталышында Башкы Сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Кыргыз ССР искусство чеберлеринин биринчи республикалык чогулушу 1948-жылдын 4-мартында соңуна чыккан.

Кыргыз ССРинин Жогорку соту 1983-жылдын 4-мартында «политехник» аталган чуулгандуу окуянын аткаруучуларына жаза өкүмүн чыгарган. «Өнүккөн социализмдин» «кой үстүнө жумуртка уялаган» убагында ашынган каракчылар Фрунзе политехникалык институтунун кассасынан 70 миң рубль акча уурдашкан. Кассадагы акчаны уурдоо чак түштө жасалгандыктан, советтик бийликтин жабык маалымдоо шартында ал коомчулуктун оозуна алынып, дастандай айтылган.

Мындан тышкары, ушул эле бандиттик топ тарабынан шаардык ювелир Глазунов менен асфальто-бетондук заводдун башкы инженери Бреннердин өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Жогорку Сот бандиттик топтун үч өкүлүнө өлүм жазасын чыгарып, калган экөөнүн ар бирин 10 жана 8 жылга эркинен ажыраткан.

Бүгүн көзайнекчендердин эларалык күнү. Байыркы заманда көз айнек ачык түстүү таштан даярдалган. Көз айнек адегенде Египет өлкөсүндө жасалып, кийин анын өндүрүшүн Месопатамия, Греция жана Рим мамлекеттери өздөштүрүшкөн. Биринчи көз айнек XIII кылымда Италияда жасалган. Булл убакта италиялык усталар айнекти жукартып сүртүү жана жылмалоо өнөрүн үйрөнүшкөн. Уламыштарга караганда эки айнек линзаны оправага орнотуу идеясы 1285-жылы флоренциялык уста Сальвино Арматинин акылына келген. Ал кийин көз айнекти чыгарууну өндүрүш жолуна койгон.

Айюбийлер династиясын түптөгөн Египет султаны Салах ад-дин 1193-жылдын 4-мартында дүйнөдөн кайткан.

Петербургдагы Илимдер Академиясына караштуу гимназия 1726-жылдын 4-март күнү ачылган жана ал Россиядагы биринчи гимназия деп саналат.

Англис астроному Уильям Гершель 1781-жылдын 4-мартында Күн системасындагы жетинчи планета Уранды ачкандыгын билдирген.

Америка Кошмо Штаттарынын биринчи конгресси 1789-жылдын 4-март күнү Нью-Йорк шаарында ишин баштаган.

Америка Кошмо Штаттарынын 1787-жылы кабыл алынган Конституциясына ылайык мамлекет башына шайланган президенттин инаугурациясы 4-же 5-март күнү, тактап айтканда аталган күндөрдүн кайсынысы базар күнгө туш келгенине жараша өткөрүлөөрү белгиленген.

Президенттин инаугурациясын өткөрүү салтанаты 1933-жылга чейин өткөрүлүп келген. Кошмо Штаттардын бул жылкы президденттик шайлоосу күтүлбөгөн үзгүлтүккө учураган. Шайлоочулардын добушу өз маалында саналып бүтпөй калгандыктан, салтанатты кеч күзгө жылдырууга тура келген.

Авраам Линкольн 1861-жылдын 4-мартында Америка Кошмо Штаттарынын 16-президенти катары ант берген. Ал эми У. Г. Тафттын 1909-жылдын бул күнкү инаугурациясы борошон бурганактаган кардан улам , конгресстин кашындагы аянттан сенаттын имаратына көчүрүлгөн.

Америка Кошмо Штаттарынын 4-мартта өткөрүлчү президенттик инаугурациясы 1933-жыл менен жыйынтыкталган. Бул күнү Кошмо Штаттардын президенттик кызматы үчүн ант берген Франклин Делано Рузвельт калкка кайрылып, «Биздин жападан жалгыз корко турган нерсебиз, ал коркуунун өзү» деген.

Ушул эле жылы Конституцияга киргизилген 20-түзөтүүгө ылайык президенттин ыйгарым укугунун башталыш датасы 20-январдын түшкү убактысы менен белгиленген.

Америкалык ойлоп табуучу Эмиль Берлинер 1877-жылдын 4-март күнү микрофонду ойлоп тапкан.

Атактуу актер Чарли Чаплин 1975-жылдын 4-мартында рыцардыкка көрсөтүлгөн.

Айтылуу италиялык композитор, скрипач жана дрижер Антонио Вивальдинин сөөгү 1678-жылдын 4-март күнү Венция шаарында көмүлгөн.

Табигый чечекке каршы вакцинацияны баштаган америкалык врач жана илимпоз, Бенджамин Ватерхаус1754-жылдын 4-мартында жарык дүйнөгө келген.

Биринчи советтик синхротрон жана синхрофазотронду чыгарган айтылуу советтик физик Владимир Иосифович Векслер 1907-жылдын 4-мартында көз жарган.

«Клуб путешественников» программасын 30 жыл чамалуу алып барган врач, саякатчы жана журналист Юрий Александрович Сенкевичтин киндик каны 1937-жылдын 4-март күнү Монголиянын Чойбалсан шаарына тамган.
XS
SM
MD
LG