Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

АКШ президентинин орус президентине жолдогон катынын мазмууну боюнча басма сөздө жарыяланган маалыматтар так эмес


Барак Обама орус президенти Дмитрий Медведевге февралда жолдогон катында, эгер Орусия Иранды өзөктүк изилдөөлөрүн токтотурууга жардам берсе, анын ордуна АКШ ракетадан коргоонуу системасынын жабдууларын Чыгыш Европада жайгаштырбоо сунушун жасаганы жонүндө кечээ "Нью-Йорк Таймс" гезити жазып чыккан. АКШ президенти Вашингтондо кабарчылар алдында сүйлөгөн учурунда бул маалыматты "так эмес" деп атады.

Обаманын айтымында, ал катында ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруунун зарылдыгы Ирандын өзөктүк куралга умтулуусунун басаңдоосуна жараша азаярын белгилеген.

Мунун алдында кечээ Мадриддеги пресс-конференцияда, АКШ президентинин катында кандайдыр бир "алмашуулар" үчүн шарт белгиленбегенин орус президенти Дмитрий Медведев да ырастаган эле.

Ага катар Медведев Обаманын катын "позитивдүү" деп баалап, ал Вашингтон Москва менен кызматташтыкты кааларын көргөзүп жатканын айтты.

Орусия АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда жаайгаштыруусуна каршы. Бул система АКШнын мурдагы администрациясы тарабынан сунуш кылынган.

XS
SM
MD
LG