Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Нарындагы оппозициялык партиялардын координаторлору кайра суракка чакырылышты


“Ак шумкар” саясий партиясынын аймактагы координатору Урмат Акуновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча ал, аталган партиянын шаардык координатору Жолдубай Сүйүнбаев жана “Ата Мекен” партиясынын облустук өкүлү Адылбек Эсенбеков бүгүн да УКМКнын облустук башкармалыгына келип, сурак берүүгө чакырылышты. Кечээ эртең менен “Ак-Шумкар” партиясынын Нарын шаарындагы кеңсесине укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишип, ал жерден «Эл сөзү» гезитинин сандарын жана Бириккен элдик кыймылдын «Кыргыз элине кайрылуу» деген баракчаларын жыйнап кетишкен. Ал эми жогоруда аты аталган оппозиционерлерди УКМКнын облустук башкармалыгына алып барып, түн киргенге чейин кармашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG