Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Ак-Талаа районундагы айрым айылдарда элдин 40 пайызы сыртка көчүп кетишкен


Нарын облусунун Ак-Талаа району боюнча 2008-жылда ичүүчү таза суу үчүн калктан чогултулуучу каражат 57,5 пайызга аткарылган. Ал эми райондун Ак-Кыя айылында бул көрсөткүч 26, Ак-Чий айылында 30 пайызды түзгөн. Каражаттын өксүгү жергиликтүү калкты таза суу менен толук камсыздоодо көйгөйлөрдү жаратууда. Мындай маалыматтар Нарын облустук укук коргоо органдарынын Ак-Талаа районунда өткөрүлгөн Координациялык кеңешмесинде айтылды. Жагдайды Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл округун башчысы Сапаралы Орозалиев Ак-Чий айылындагы 100 түтүндүн 40 түтүнү сыртка көчүп кеткендиги менен түшүндүрөт. –«Биз айылдагы 60 түтүндөн чогултуучу 105 миң сомдун 36 миң сомун жыйнадык. Сыртка кеткендерден акча ала албай жатабыз»,-дейт Орозалиев. Жыйынга катышкан губернатор Өмүрбек Суваналиев бул көрүнүштү кошуп жазуу деп баалады. (KUs)

XS
SM
MD
LG