Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Ооганстандагы президенттик шайлоонун мөөнөтү мурдагы бойдон калат


Ооганстандын шайлоо комиссиясынын кечээги билдирүүсүнө караганда, президент Хамид Карзай талап кылгандай шайлоону келерки айда өткөрүү мүмкүн эмес. Мурда белгиленгендей эле 20-август шайлоо күнү бойдон калууда. Президент Хамид Карзай өткөн аптада шайлоону анын кызматтагы азыркы беш жылдык мөөнөтү аяктоочу күн –22-майга чейин өткөрүүнү караган буйрук чыгарган эле.
АКШ, Улуттар уюму, Ооганстандын оппозициячыл топтору, президенттикке болочок талапкерлер шайлоо августта өтүшүн колдойт. НАТО да анын күчтөрү шайлоо август айында өтсө коопсуздукту жакшыраак камсыздай аларын билдирген.

XS
SM
MD
LG