Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Махмуд Аббас жана Хиллари Клинтон Иранды кийлигишпөөгө чакырды


Палестин автономиясынын президнти жана АКШнын Мамлекеттик катчысы Иранды палестин элинин иштерине кийлигишпөө чакырыгын кечээ Рамалла шаарында өткөн жолугушуусунан кийин жасашты.

Мунун алдында Ирандын диний лидери Аятолла Али Хаменеи бүткүл мусулмандарды палестиналыктардын Израилге каршы күрөшүнө кошулууга үндөгөн эле.

Учурда Иордандын Батыш жээгин гана көзөмөлдөгөн Махмуд Аббастын айтымында, Ирандын кийлигишүүсү, палестиналыктар арасындагы ажырымды тереңдетип жатат. Ирандын аракетин Аббаска атаандаш жана Газа секторун көзөмөлдөгөн Хамас тобун колдойт.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон болсо Ирандын кийлигишүүсүн айыптоо менен Тегеран Махмуд Аббастын бийлигине шек келтирүүгө аракеттенип жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG