“Медиа өкүлчүлүгү институту”, “Журналисттер” коомдук уюму, “Меида консалт” фонду жана башка бир нече медиа уюмдардан турган коомчулуктун кайрылуусунда Сыргак Абдылдаевге кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырылып, Кыргызстанда акыркы убактарда журналисттердин өмүрүнө коркунуч келтирилген учурлар арбып бара жаткандыгы жана эң жаманы –бул кылмыштардын бети ачылбай калып жатканы айтылат. Кайрылуу ээлери мындай кылмыштардын жазасыз калып жатышы –басма сөз айдыңында саясий, социалдык-экономикалык темаларда курч макалалардын азайышына алып келет, бул болсо өз кезегинде коомчулуктун маалымат менен туура эмес камсыз болушуна шарт түзөт, деп эсептеп, мамлекет башчысын Сыргак Абдылдаевдин ишин жеке көзөмөлүнө алууну суранышкан.(ZKo)
“Репортер-Бишкек” басылмасынын журналистине байланыштуу Кыргызстандагы медиа коомчулук президентке кайрылды