Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Сыргак Абдылдаевдин абалы оор бойдон, бирок туруктуу


Азырынча реанимация бөлүмүндө, түштөн кийин кадимки палатага чыгарылат, деп кабарлады №4 оорукананын башкы дарыгери Рамис Үсөнбеков. Анын “Азаттыкка” бүгүн эртең менен билдиргени боюнча журналисттин абалы турукташып, бычак сайылгандан болгон жарааттары айыккан соң, сынган колдоруна операция жасалат. Мурда кабарлангандай “Репортер-Бишкек” гезитинин кабарчысы Сыргак Абдылдаевди 3-март күнү белгисиз бирөөлөр денесинин 21 жерине бычак уруп, эки колунун тең булчуң сөөктөрүн сындырып кетишкен. Кечээтен бери журналисттин өмүрүн сактап калуу үчүн 3,2 литр кан, плазма жана башка суюктуктар куюлган. Сыргак Абдылдаев учурда сүйлөп, суроолорго жооп берип, өзүн адекваттуу кармоодо, керектүү дары-дармектер жетиштүү, дейт №4 оорукананын башкы дарыгери Рамис Үсөнбеков.(ZKo)

XS
SM
MD
LG