Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Р.Отунбаева: Бул жерде Кокон хандыгын курууга жол бербейбиз


Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева жарым жылдан бери Руслан Шаботоевдин дайынсыз жоктугун, бийлик болсо ал жоголууга ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жана УКМКа башчысы М. Суталиновдун аскердик наамын жогорулатуу менен жооп кылганын белгиледи. Отунбаева эки күн мурун журналист Сыргак Абдылдаевдин жырткычтык менен бычакталып, сөөктөрү талкаланганын, мындай кол салуунун максаты журналисттин колдорун жаздырбай калтыруу экенин, жарандар мамлекет тарабынан коргоону сезбей жатканын билдирди. Депутат ошондой эле Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга алынып, журналисттер өлкөдөн чыгып кетип жатканын айтып, бул бийликке катуу жаза керектигин белгиледи.(AiT)

XS
SM
MD
LG