Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

С.Аламанов: 275 метр участок боюнча башынан эле талаш болгон эмес


Ал участок советтик мезгилден бери эле Тажикстанга тиешелүү экени анык болчу. Биз мына ошондуктан ал жерди ижарага алууга бардык, деп билдирди өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов бүгүн “Азаттыкка” . Жума башында Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров Тажикстандын коопсуздук кеңешинин катчысы менен жолугушуп, Ош-Исфана жолунунун Тажикстандын Чорку айылына жакын жердеги 275 метр келген участогун ижарага алуу боюнча макулдашууга жетишкен.Жергиликтүү айрым тургундар талаштуу участокту ижарага алуунун кажети канчалык деген маселени көтөрүп жатышат. Өз кезегинде Саламат Аламанов ал участок башынан эле Тажикстанга тиешелүү экени анык болгонун билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG