Кыргызстан чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошевдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Ош-Исфана жолундагы Тажикстандан алынган 275 метр участокто “Чайна роуд” компаниясы курулуш ишин баштады. Ал жерге кыргыз тарап жаңы көпүрөө салууну көздөөдө. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын башчылары март айында жолугушуп, чектеш аймакатардагы чатактардын алдын-алуу, өз кызматташуу маселелесин талкуулашат. Тараптар кайсы бир жерде чатак чыкса, беш сааттын ичинде күч структуралары ал жерге жетип барып, маселени жөнгөрүүгө киришүүнү макулдашкан.(AiT)