Ставраполь губерниясынын Пишпек уездинде орун алган меринос койлорду асыраган чарбанын өндүрүш маселесин CCCР Борбордук Атакаруу комитети өзү көзөмөлгө алган. CCCР Борбордук Атакаруу комитети 1924-жылдын 6-мартында РСФСР жер иштетүү боюнча Элдик комиссариатына чарбага байланыштуу эки вариантты сунуш кылган. Биринчи сунуш боюнча, ставрополдук чарбаны, мал жана жайыттары менен сактап калуу болсо, экинчиси аларды жеңилдетилген тариф менен башка аймакка көчүрүп кетүүнү сунуш кылган.
Кыргыз автономиясынын областтык инженери 1926-жылдын 6-мартында Пишпекте II разряддагы сейсмикалык станция ачуу сунушу менен Областтык Аткаруу комитетке кайрылган. Анын айтымында Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу аймак эсептелет жана областтагы жер титирөө коркунучун алдын алыш үчүн Алматы шаарында курулган сейсмологиялык станциядай мекеме ачылышы мезгил талабына жооп бермек.
Кыргыз АССРинин радиолоштуруу жана радиоуктуруу комитети 1934-жылдын 6-мартында радиоприомниктер үчүн абоненттик акы киргизүү чечимин кабыл алган.
Кыргыз музыкалык-драма театрынын кызматкерлерине ардак наамдарды ыйгаруу чечими 1939-жылдын 6-мартында чыгарылган. Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген биринчи ишмердик наам театрдын көркөм жетекчиси, дирижер Василий Целиковский, композиторлор-Владимир Власов менен Владимир Фере, артист Арнольд Самарин-Волжскийге берилген. Кыргыз ССР эмгек сиңирген артисттик наамга Канымкүл Айбашева, Бүбүсара Бейшеналиева жана Сайра Кийизбаевалар татыктуу болушкан.
Кыргыз Республикасындагы кезектеги кадрдык алмашуулар 1958-жылдын 6-мартында жүргүзүлгөн. Кыргызстандагы профессионал дипломаттардын бири - Казы Дыйкамбаев Кыргыз ССР министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындалып, мурдагы премьер-министр Абды Сүйөркулов болсо кызматынан алынып, Москвага «окууга жөнөтүлгөн».
Кыргызстан калкынын кезектеги II курултайы 2003-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында өткөрүлгөн. Расмий Бишкек курултай «Кыргыз мамлекеттиндеги-тынчтыктын жана туруктуулуктун жылы» деген ураан менен белгиленип, ал мекендин чыныгы патриоттору жана прогрессивдүү күчтөрүнүн башын бириктирүү максатын көздөй тургандыгын билдирген. Курултайга Кыргызстан калктарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамаат, бейөкмөт уюм, саясий партиялар жана мамлекеттик бийлик органдарынан чакырылган 600 чамалуу делегат катышкан.
Канада малекетиндеги Йорк шары 1834-жылдын 6-март күнү Торонто болуп өзгөртүлгөн.
Немец химиги Феликс Хоффман 1899-жылдын 6-март күнү аспиринге патент алган. Феликс Хоффман ревматизм дартынан азап тарткан атасына дары табыш үчүн бир жарым жыл алпурушуп, акыры ацетисалицилалык кислотанын даарылык касиетин ачкан.
Убагында жаш жеткинчектердин алмашкыз маалымдоо каражатын айланган «Пионерская правда» газетасынын биринчи саны 1925-жылдын 6-март күнү жарык көргөн.
Иосиф Сталин дүйнөдөн кайткандан кийин 1953-жылдын 6-мартында СССР Министрлер кеңешинин төрагалыгына Г. М. Маленков дайындалган. КПСС БК Пленумунун ушул эле күнкү чечимине ылайык СССР Жогорку кеңеш төрагалыгына К. Е. Ворошилов, Коргоо министрлигине Н. А. Булганин, Ички иштер министрлигине Л. П. Берия, Тышкы иштер министрлигине В. М. Молотов келген.
Профессионалдар арасындагы бокс боюнча дүйнө чемпиону Кассиус Клей 1964-жылдын 6-март күнү ысмын өзгөртүп Мухаммед Али атыккан.
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайттын чапчаң мүнөзүнөн улам ал саясат дүйнөсүндө «темир айым» атыккан. Анын Чыгыш Европа өлкөлөрүн кыдыруу маалында Чехиянын Брно шаарынын студенттери 2000-жылдын 6-март күнү «америкалык империализмге» каршы пикирин билдиришип, «темир айымга» жумуртка ыргытышкан.
Теңдешсиз италиялык скульптор, сүрөтчү жана архитектор Микеланджело Буонаррати 1475-жылдын 6-мартында жарык дүйнөгө келген. Атактуу акын А. С. Пушкин аны «Ватикандын жаратманы» деп атаган.
Таанымал француз сатириги жана драматург Савиньен де Сирано де Бержерак 1619-жылдын 6-мартында көз жарган. Бала чагында иезуиттик колледжде окуп, эки жыл королдук гвардияда кызмат өтөп, бир канча кандуу кагылыштарга катышкан. Сирано де Бержерактын аалам таануу көз карашы илим жана философиялык окууларга ылайык калыптанган.
Советтер Союзунун үч жолку Батыры, теңдешси учкуч Александр Иванович Покрышкин 1913-жылдын 5-март күнү туулган.
Колумбиялык атактуу жазуучу Габриэль Гарсиа Маркес 1928-жылдын 6-мартында жарык дүйнөгө келген. Габриэль Гарсиа Маркес фольклордук-мифологиялык мотивдерди ийкемдүү колдонуу жолу менен адабият дүйнөсүнө жаңы чыгармачыл багыт алып келген. Анын жемиштүү чыгармачыл түйшүгү 1982-жылы Нобель сыйлыгына арзыган.
Таанымал кыргызстандык жазуучу Касым Каимовдун киндик каны 1926-жылдын 6-март күнү Таластын Өзгөрүш айлына тамган. Касым Каимов 1942-жылы орто мектепти аяктап, андан кийин 1942-жылы Фрунзе мугалимдер институтун, 1949-жылы Кыргыз мамлекеттик пединститутун бүткөргөн. Касым Каимовдун эмгек чыйыры Будденовскидеги райондук газетада башталып, андан соң «Жаш ленинчи», «Кыргызстан пионери», «Чалкан», «Ала Тоо» журналы сыяктуу маалымдоо каражаттарында эмгектенген.