Алар Максим Кулешовдун зордук менен психикалык ооруканага жаткырылышына нааразылык билдирип, Ички иштер министрлигинин алдына чыгышты. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова билдирди. Маалыматка караганда, укук коргоочулардын Кулешовду бошотуу талаптары жазылган плакаттары бар.(AiT)