Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Евробиримдик Ооганстанда шайлоо августта өтүшүн кубаттайт


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча координатору Хавиер Солана ооган шайлоо бийлигинин президенттик шайлоону 20-августта өткөрүү тууралуу мурдагы чечимин кайра тастыктаганын кубаттады. Солана мырзанын билдирүүсүндө Евробиримдик бул шайлоого өзгөчө маани берээри, добуш берүүнү август айына калтыруу чечими шайлоонун эркин өтүшүн жана мыйзамдуулугун камсыз кыла турган жагдай экени баса белгиленет. Буга чейин ооган президенти Хамид Карзай шайлоо 20-августта эмес, 22-майда өтсүн деп талап кылып, оппозициянын курч сынына кабылган. БУУ жана АКШ да жалпы улуттук тикелей шайлоого толук даярдык көрүү үчүн август айы ыңгайлуу болгонун айтышкан.

XS
SM
MD
LG