Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салуу кылмышын иликтөө ишин өз көзөмөлүнө алганын Коомдук Ордо Кеңеш билдирди


Бул тууралуу Ордо Кеңештин маалымат кызматы кечээ кабарлады. Анда жазылгандай Ордо Кеңеш өз кесиптик милдетин өтөп жүргөн журналисттин өмүрүнө кол салууну кескин сынга алат жана тартип коргоо органдары аны жасаган адамдарды табууга милдеттүү, деп эсептейт.
Ордо Кеңеш президент К. Бакиевдин жардыгы менен 2009-жылдын башында түзүлгөн. Коомдук Ордо Кеңеш бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө болуп, элдин көйгөйүн, пикирин президенттин өзүнө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, деген ишенимде түзүлүп, анын курамына бир катар коомдук-саясий ишмерлер кирген, бирок оппозициядан мүчөлөр жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG