"Нафтогаз" февраль айы үчүн сатылып алынган көгүлтүр от үчүн 360 миллион долларды толук төлөп бүткөнүн "Газпром" ырастады. Мунун алдында Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин эгер төлөм 7-март, ишемби күнгө чейин жүргүзүлбөсө газ берүү токтотуларын, мындан улам көгүлтүр оттун берилүүсү Европадагы керектөөчүлөр үчүн да кыскаруусу мүмкүн экендигин эскерткен эле.