Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Ошто Азимбек Бекназаровдун чыгып кетүүсү талап кылынды


5-мартта Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров Анвар Артыковдун үйүндө кыймылдын мүчөлөрү менен чогулуп, жыйын өткөргөн. Бул арада Кара-Суу районунан аялдар тобу келип, Бекназаровду чыгарып берүүнү Анвар Артыковдон талап кылышкан. Аялдар Бекназаров менен жолугушууда аны элди бузууну токтотууну, шаардан чыгып кетүүнү талап кылышкан. “Бул аялдарды мурдатан билемин. Алар ушундай иштер менен алектенип жүргөндөр”,-деди Бекназаров. Анын айтымында, алардын жыйналышы максатына жетишип, БЭКтин максаттары, жооптуу адамдары аныкталды. 6-мартта таң эрте менен Бекназаров Алай районуна чыгып кеткен. (AiT)

XS
SM
MD
LG