Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Жогорку Кеңеш база боюнча түзүлгөн келишимдерди денонсациялады


Жогорку Кеңеш Түркия, Голландия, Түштүк Корея, Норвегия, Италия, Жаңы Зеландия,Польша, Франция, Испания, Дания жана Австралия өкмөттөрү менен Манас аба майданына аскердик база жайгаштыруу боюнча 2001-жылы жетишкен келишимдерди бирден добуш берүү менен жокко чыгарды. Ар бир келишим 78- 80 добуш менен жокко чыгарылды. Өкмөттүн өкүлү Мырза Кулматов келишимдерди денонсациялоо 11-февралда парламентке жолдонгонун, андан бери убакыт өткөнүн айтып, келишимдерди жокко чыгарып берүүнү өтүндү.(AiT)

XS
SM
MD
LG