Европалык Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер 8-9-март күндөрү Таласта болот. 16-19-мартта Ош жана Жалала-Абат облусттарын кыдырмакчы. Жолугушуулардын жүрүшүндө аймактардагы жарандык коомдун жана маалымат каражаттардын өкүлдөрү менен кездешет. ЕККУ менен жергиликтүү өнөктөштөрдүн кызматташуусу боюнча кырдаалды талкуулайт. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты. (EBM)