Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Жабырлануучулар Аксы окуясын эскерүү талабын коюуда.


Аксы окуясында курман болгондордун туугандары менен 2002-жылы милициянын огунан жараат алгандар окуянын жети жылдыгын өткөрүүнү талап кылышууда.Алардын айтымында, кыргызда жети деген ыйык сан болуп эсептелет. Жабырлануучулардын талабына ылайык БЭКтин райондогу өкүлдөрү 17-мартта аза күтүү митингисин өткөрүүнү чечти.Мындай маалымат БЭКтин Аксыдагы башчысы Кадыралы Жорокуловдон алынды. Анын билдирүүсү боюнча райондун Боспиек деген жеринде жети жыл мурда каза тапкандарды Кара жыгач айылында эскерип,алардын арбагына куран окутулат. Бул иш чара тууралу билдирүү кечээ жергиликтүү райондук бийликке тапшырылды.”Райондун акими Аскербек Алиев биздин билдирүүнү жогору жактагылар менен акылдашып чечерин, анын жообун 12-мартта берерин айтты”,-деп билдирди БЭКтин Аксы районундагы башчысы Кадыралы Жорокулов. 7-мартта Райондун акими Аскербек Алиев кечээ жума күнү кечинде жогорудай таоап менен келишкен эки-үч кишиге мыйзамга ылайык митинг өткөрүү тууралуу билдирүүнү кеч бергенин, аны 12 кун мурда берүү керектигин, ага жооп алты күнүдүн ичинде алынаарын түшүндүргөнүн билдирди. Аким “жогору жактагылар менен кеңешип, акылдашам”, деп айтпаганын кошумчалап кетти. (YA)

XS
SM
MD
LG