Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Алай эли «Азаттык» түштүктө уктурулбай калганына кабатырланууда


Бул туурасында Бириккен элдик кыймылдын жолбашчыларынын бири Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Баатырбек Жаныбеков билдирди. Анын айтуусунда, тоолу аймакта бийликчил КТР, ЭлТР телеканалдары гана көрсөтүп, мамлекеттик кыргыз радиосу уктурулат. Алар өлкөдөгү окуяларды бир жактуу чагылдыргандыктан, элет элинин муң-зары бийликке жетпей калууда. Ошондуктан, ар дайым калыстыктан тайыбаган «Азаттык» радиосунун берүүлөрүн КТР аркылуу кайрадан обого чыгарууну өтүнүп алайлыктар президент Курманбек Бакиевдин наамына кайрылуу жолдошту. Алай районунун акими Алмазбек Осмонов «Азаттык» радиосу аймактагы маалымат боштугун толтуруп турса жакшы болмоктугун белгилеп, бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилүүсү тийиштигин билдирди. (AТо)

XS
SM
MD
LG