Дипломаттардын айтымында, Судандын Дарфур аймагынан эл аралык гумжардам уюмдарын кетирүү чечиминен баш тартууга чакырган билдирүүгө Судандын союздашы Кытай каршы чыкты. Өткөн аптада Эл аралык Кылмыш соту Судандын президенти Омор ал-Баширди адамзатына каршы кылмыштары үчүн камакка алууга өкүм чыгарган эле. Ушундан кийин Судандын өкмөтү согуштан жапа тарткан Дарфурда 13 эл аралык гумжардам уюмунун ишине тыюу салган эле.