Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

БУУнун адам укугу кеңеши кыргыз бийлигин сынга алууда


БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Маргарет Секкагия айым Улуттар уюмунун адам укугу кеңешине кыргыз бийлигинин норвегиялык Хельсинки комитетинин укук коргоочуларына жасаган мамилеси тууралуу баяндаманы сунуштады. Анда айтылгандай баяндамачы 2008-2009-жыл ичинде аталган комитет өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу Кыргызстандын бийлигине жети жолу расмий кайрылып, бирок бирине да жооп ала алган эмес. Баяндамада норвегиялык Хельсинки комитетинин Бишкектеги өкүлү Ивар Даленин ишмердүүлүгү 2008-жылы июнь айында кыргызстандык күч органдары тарабынан орой текшерүүгө алынып, кийинчерээк анын өлкөгө киргизилбей, келген жагына кайтарылышы жөнүндө айтылган. Ошондой эле аталган комитеттин Бишкектеги өкүлчүлүгү Кыргызстандын адилет министрлиги тарабынан каттоого алынбай жаткандыгы белгиленген. БУУнун адам укуктары кеңеши бул жумада мына ушул баяндаманы талкууга алмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG