Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

ЕККУ Сыргак Абдылдаевге болгон кол салууну кылдат иликтөөгө чакырууда


ЕККУнун сөз эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Миклош Харашти “Репортер-Бишкек” басылмасынын журналистине болгон кол салууга байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылып, бул ишти токтоосуз жана кылдат иликтөөгө чакырды. Мындан тышкары кайрылууда кыргыз бийлиги маалымат каражаттарынын кызматкерлерине багытталган зордук-зомбулукту токтотууга болгон күчүн жумшоого тийиштиги айтылган. Миклош Харашти Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салуу иши боюнча КР ИИМ тарабынан тергөө иштеринин башталганына кубанычын билдирип, күнөөлүүлөр тез арада тийиштүү жазасын аларына ишенерин да белгилеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG