Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Исмаил Исаковдун соту 16-мартка жылдырылды


Буга И. Исаковдун адвокаты Мукар Чолпонбаевдин териштирилип жаткан иш менен тааныша электиги себеп болду. Исмаил Исаковго адвокаттан тышкары БЭКтин мүчөлөрү Т. Тургуналиев, А. Артыков, Э. Бөлөкбаев коомдук коргоочу болушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Т. Тургуналиев маалымдады.
Мурдагы коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаковго Башкы прокуратура тарабынан кызмат абалынан пайдаланган жана ишине шалаакы мамиле кылган, деген айып менен кылмыш иши козголгон. Аталган иш боюнча соттук териштирүүнү Бишкек шаардык аскер-гарнизондук соту жүргүзүүдө.
“Жаңы Кыргызстан” партиясынын Башкы катчысы, оппозициялык БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаков муну саясий куугунтук деп баалап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG