Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Чүйдөгү лидерлер А. Жекшенкуловдун камалышына кабатыр


Буга байланыштуу алар президентке жана коомчулукка билдирүү таратышканын аймактагы «Болуш» ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматына ылайык, бүгүн Чүйдөгү бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чогулуп, “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун камалышын саясий куугунтук деп баалашты. Мындай мыйзамсыз аракеттер жергиликтүү лидерлерге карата да жасалып жатканын белгилешти. Ал эми Чүй облустук администрациясынын басма сөз кызматы жогорудагы билдирүүгө карата маалымат берүүдөн баш тартты. Эртең кайрылуу кылгандар Москва районундагы айрым айылдардын тургундары менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү. (JJ)

XS
SM
MD
LG