Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Монополияга каршы күрөшүү агенттиги аба каттамдарынын акысын азайтат


Бул тууралуу монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Надырбек Турганбаев бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда ички аба каттамдарынын акысын төмөндөтүү жөнүндө эскертүү кат аталган агенттик тарабынан авиа компанияларга жиберилди. “Дүйнөлүк базарда мунайдын баасы арзандады, бензиндин баасы да түштү, авиакеросин да көтөрүлгөн жок, демек, аба каттамдарынын баасы да арзандоого тийиш,” дейт Надырбек Турганбаев. Анын белгилегени боюнча ички аба каттамдарынын баасы жаңы жылга чейинки наркка түшүрүлүүсү керек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG