Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Ошто “Хизб-ут Тахрир” партиясынын тогуз лидери кармалды


Хизбутчу катары соттолгондордун ата-энелери, жакындары бийликке нааразы болуп жатышат
Хизбутчу катары соттолгондордун ата-энелери, жакындары бийликке нааразы болуп жатышат

Ош облусунун милиция кызматкерлери “Хизб-ут Тахрир” партиясынын 9 лидерин кармашты. Аларга калк арасында сепаратисттик ишмердүүлүктү жүргүзгөн жана диний кастыкты козуткан деген айып тагылууда.

Кармалган хизбутчуларга айыптары дароо угузулуп, убакылуу камака алынды. Бул туурасында аталган Ош областтык ИИБ басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев кармалгандарга элди бөлүп жарып, диний кастыкты жасаган деген айып коюлганын «Азаттыкка» маалымдады.

«Хизбут-тахрирчи» деп айыпталып жаткандарды коргогон энелер комитетинин төрайымы Жибек Асанова милиция кызматкерлери диний көз карашы үчүн жарандарды коркутуп-үркүтүү, куугунтуктоо жана массалык түрдө камоо жолуна түшкөндүгүнө кабатырланды:

- Талдап, айыбын мойнуна коюп туруп анан камаш керек да. Бири-бирине кайраштырган туура эмес да. Демократия деген ушубу? Эркиндик болсо бизге окшогон энелердин укугу гана? Намысыбыз, укугубуз тебеленди. Кыргыз көтөрүлсө кыргын болот деген кеп бар эле. Алардын да туугандары, мага окшоп зыркыраган энелери бар,

Жибек Асанованын пикиринде элдин эркин минтип кайтаруу мүмкүн эмес. Тескерисинче, нааразычылык ырбап олтуруп коомчулукту социалдык жарылууга дуушарлантышы ыктымал.

Анткени менен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Абдиш Турдукулов жарандык коомдун өкүлүнүн кооптонуусуна негиз жоктугун белгиледи:

- Өздөрү эмнени коргоп атканын билбейт. Мамлекеттик имаратка кол салып, мамлекеттик өзгөртүп кое албайт да аг жүрүшүбүз керек. Ким сызылган сызыкта жүргүсү келбейби аларды орду түрмө.

Оштогу «Акыйкат сот – чындык» укук коргоо борборунун директору Равшан Гапировдун баамында, Кыргызстан Өзбекстан жолоюна түштү:

- Кара-Суудан, Өзгөндөн, Аравандан сепартизм деген статьяны коюп атат. Бул оор статья. Кечээ эле адамдар бир листовка менен 2-3 жыл срок алса, ошол эле листовка менен бүгүн түшкөндө 10 жылдан алып атат. Бизде анархия болуп атат. Өзбекстанда ушундай да.

Равшан Гапиров коомчулук тың жарандарын бүгүн массалык репрессиядан арачылап калбаса, эртең бийлик активдүү бейөкмөт уюмдардын лидерлерин да аябай тургандыгын жарыя кылды. Себеби соңку кезде Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар» жана «Юридикалык тараптарды мамлекеттик каттоого алуу» жөнүндөгү мыйзамдарды катуулатуу демилгеси байма-бай көтөрүлүп, ушинтип жарандык коомду ооздуктоо аракеттери жасалууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы бейөкмөт уюмдардын тынчсыздануусун четке какты. Маселен, мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев жарандык коомдун өкүлдөрүнүн өздөрүнөн да күмөн санап жатышкандыгын ачыктады:

- Ар бир бей өкмөт уюмдун артында чоң күч, чоң акча бар. Адам укуктарына таянып алышып эле, диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн укугун коргогону бизди таңкалдырат. Эмне үчүн карапайым элди укук жагынан козгошпойт дагы, диний-экстремисттик уюмдардын биздин мамлекетте ишмердигин жүргүзө берсин деген ниеттери бардай сезилет.

Жеңиш Ашырбаевдин пикиринче, бейөкмөт уюмдардын кыймыл-аракетин такай көзөмөлдөөгө, алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылууга атайын мыйзам аркылуу бөгөт коюу бийликтин оюнда жок.


XS
SM
MD
LG