Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Аялды колдосоң, элиңди колдогонго тете


Африкадагы жалгыз аял президент болгон Либерияда аялдардын ири жыйынына катышкан элчи Свани Ханттын пикири менен тааныштырабыз.

"Өткөн аптанын соңунда Эл аралык Аялдар күнү бүт дүйнөдө кеңири белгиленди. Иш-чаралардын бири адам баласынын рухунун канчалык күчтүү экендигин айгинеледи. Батыш Африканын Атлантика жээгиндеги Либериянын баш калаасы Монровияда 800дөй делегат чогулду.

Мында "Аялдардын таасирин күч алдыруу: лидерликти өнүктүрүү, эл аралык тынчтык жана коопсуздук" деп аталган дүйнөлүк коллоквиум өттү. Келген лидерлердин көпчүлүгү африкалыктар болду, бирок Европа, Америкадан да киши көп болду. Кызыл-тазыл кийинген айымдардын арасында бир ууч эр жүрөк эркектер да жүрдү.

Биз машина менен көп униформачан индиялык айымдар баталену кайтарган футбол стадионуна келдик. Коноктор талаанын ортосунда бамбук ууктардан жасалган чатырдын алдына отургузулду. Мухиттен келген салкын жел аймалап турду. Ал эми сыртта ондогон жылдарга созулган согушта өрттөлүп, чалдыбары чыккан үйлөр, чолок жигиттер, "Жакшы баа коюп берем деген мугалим сөрөйгө алданба" деп кыздарга кеңеш берген жарнамалар...

"Бейкуттук кылдын учунда эле турат, элдин 80 пайызы сабатсыз, жумушсуздар да ошончо бар. Чынын айтсам, баары бир гана адамга байланып турат",- деп шыбырады мага жергиликтүү гумжардам кызматкери.

Ал адам – Либериянын мурдагы финансы министри, Дүйнөлүк банкта иштеген, БУУнун эксперти Эллен Жонсон Сөрлииф. Дүйнөнүн булуң-бурчунан мага окшогондор Президент Жонсон Сөрлиифти колдоп, жанында караан болуш үчүн келгендигинде шек жок эле.

Алар "Эллен айымдын" чет жактардан ар кандай жардамга муктаж экендигин жакшы билишет. Бүтүндөй Африка континентинде биринчи болуп мамлекет башына келген президенттин алты жылдык кызмат мөөнөтү тең ортолоп калды.

Бирок донорлор убадасына турган жок, ошондуктан ал баш калаада ар бир үйгө электр жарыгын киргизем деген планын жүзөгө ашыра албады. Кеп турмуштун кыйындыгында эле эмес, мындай нерселер бийликке каршы төңкөрүшкө да жагымдуу шарт түзөөрүндө.

Делегаттар кезек менен сүйлөп жатышты. Руанданын президенти Пол Кагаме анын өлкөсүндө парламенттин төмөнкү палатасында аялдар депутаттардын 56 пайызын түзөөрүн билдирди.

Мындан 15 жыл мурда эле 20-кылымдагы эң бир оор геноцидди башынан өткөргөн Руанда ошону менен парламент мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгын аялдар түзгөн тарыхтагы биринчи өлкө болуп калды. Германиянын канцлери Ангела Меркел менен АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтондун боордоштук сөздөрүн экрандан көрсөтүштү.

Танаписте сегиз барабанчы кыздын добушу жаңырды. Бирок кийин гана апта соңунда добулбас уруп, бийлеп жаткан улан-кыздар бир кезде уурдалып, согушка салынган, же сексуалдык кулчулукка туш болгондор, анын ичинде өз эже-карындаштарын, энелерин зордуктоого мажбурлангандар экендигин билдим.

Австриянын мурдагы тышкы иштер министри Урсула Плассник "21-кылымда Кытай, Индия эле эмес, аялдар да алга суурулуп чыгышты" деди. Мага Элизавета ханышанын өкүлү катары келген канадалык генерал-губернатор Мишел Жондун сөздөрү айрыкча жакты.

"Либериялык аялдардан көптү үйрөндүм, алар азапты мүмкүнчүлүккө айландырышат, алгандан берген маанилүү деп эсептешет. Аялдарды обочодо калтырсаң, өзүңө жаман. Аялга мүмкүндүк берсең, өз элиңе мүмкүндүк бергениң. Эң башкы байлык бул адамдын өмүрү экендигин аял эч качан унутпайт" деди түбү гаитилик губернатор.

Жыйын тышкы иштер, аялдар, өнүктүрүү министрлеринин эки жылдан берки иш-аракетинин аркасы менен өттү. Аны либериялыктар үчүн зор ийгилик деп айтаар элем, бирок негизгиси мен үчүн либериялыктардын кайыр сурабай, тескерисине конок тоскону эң башкы жеңиш болуп калды.

P.S. Элчи Свани Хант АКШнын Австриядагы элчиси болгон. Ал Кенеди атындагы башкаруу мектебинде сабак берет, сексуалдык аткезчиликке каршы күрөшкөн Хант атындагы алтернативалык кордун президенти. Комментарийде айтылган пикирлер автордуку жана сөзсүз эле Азаттыктын позициясын билдирбейт.


XS
SM
MD
LG