Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

“Ачык саясат” гезитинин башкы редакторуна басым жасалууда


Мына ушундай билдирүү менен чыккан “Ак шумкар” партиясы гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековго жасалып жаткан “саясий куугунтукту” токтотууну талап кылды. Президент Курманбек Бакиев өз кайрылууларында бардык күчтөр менен диалогко даярдыгын айткан менен, иш жүзүндө тартип коргоо органдары тарабынан катаал куугунтуктоолор жүрүп жатат, деп белгиленген билдирүүдө. “Ачык саясат” гезитинин редакторунун милетин аткаруучу Рыскелди Момбековдун билдирүүсүнө караганда, Бабырбек Жээнбеков үч-төрт күндөн бери уланып жаткан сурактан жүрөгү ооруп, 10-мартта ооруканага жатып калды. Жээнбеков Сабыр Жапаров аттуу атуулдан 10 миң доллар алып, бербей жатат деген кине менен суракка чакырылган.(AiT)

XS
SM
MD
LG